Нуржигит Кадырбеков: Президенттердин Дубайдагы жолугушуусун моралдык жактан колдойм
RU

Нуржигит Кадырбеков: Президенттердин Дубайдагы жолугушуусун моралдык жактан колдойм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бөлүнүү кыргыздын түбүнө жетет". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Kaktus.kg редакциясына берген маегинде билдирди. Ал Кыргызстандын бардык президенттеринин Дубайдагы жолугушуусу боюнча комментарий берип, "моралдык жактан ынтымакка чакыруу үчүн" туура деп эсептей турганын кошумчалады.

"Маселенин эки жагы бар да. Моралдык жана мыйзамдуу. Моралдык жактан ынтымакка чакырайын деген тилек - жакшы ниет. Кыргыздын азыр жалгыз ресурсу бар. Ал - ынтымак. Ал болбосо кыйын болот. Бизден аз эл бар чечен деген. Алардын ынтымагы бар үчүн чоң-чоң державалар менен эсептешет. Бирөөсүнө тийишип койсоң, миңи келип тебелеп кетет. А бизде бөлүнүү өнөкөтү бар. Бул Улуу Кыргыз каганаты урагандан бери бар окшойт. Түбүбүзгө жеткен деле ушул", - деди ал.

"Мурун аймактарга бөлүнсөк, кийин кландарга, азыр эми идеологиялык бөлүнүүгө баратабыз"

Нуржигит Кадырбеков өлкөдө бөлүнүүлөр көп болгон үчүн алдыга өсүш болбой жатат деп эсептейт.

"Мурун регион-регион, клан-клан болуп бөлүнүп келсек, эми чыгышчыл-батышчыл, динчил деген идеологилык бөлүнүүгө баратабыз. Азыр эми тигичил-булчул, аттарын айта берейинчи, эми Атамбаевчилер, Бакиевчилер, Акаевчилер, Жапаровчулар болуп бөлүнүп атышпайбы. Адам идея менен жашаса мындай бөлүнүү болмок эмес. Биз баалуулуктар менен жашаганда мындай болмок эмес", - деп билдирди депутат.

Бириксин деген тилек - жакшы ниет

Нуржигит Кадырбеков урушкандарды жараштырганды, ынтымакка чакырууну колдоорун айтып өттү.

"Мен туура эле түшүнөм. Бириксин деген тилек - жакшы ниет. Кайчынын неге даражасы төмөн дагы ийненики бийик? Себеби, апалар кайчы менен иш кылып туруп, паластын алдына коет. А ийнени төбөсүнө, бийик жерге төйнөп алат. Көрсө кайчы бөлүп, ийне бириктирет экен. Ошол үчүн жакшылыкка чакыралы, урушкандарды жараштыралы",- деди Кадырбеков.

Мурунку бардык Кыргызстандын президентеринин жолугушуусунда укуктук жактан суроолор бар. Бирок моралдык жактан туура.

Депутат Бакиевге карата сырттан болсо дагы соттун өкүмү бар экенинин эске салды.

"Чайга катышкандардын арасындагы бир адамга (ред.: Бакиев) сырттан болсо да соттун бир өкүмү бар болчу. Ошондой шартта бул мыйзам жактан канчалык туура деген маселе болду да. Талкуулар болду. Мен карап турдум. Укуктук жактан суроолор бар бирок моралдык жактан туура эле түшүнөм", - деп сөзүн жыйынтыктады эл өкүлү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11612