Үч айда жол эрежесин бузган айдоочулардан мамлекетке 119 млн сом өндүрүлгөн
RU

Үч айда жол эрежесин бузган айдоочулардан мамлекетке 119 млн сом өндүрүлгөн

Все самое интересное в Telegram

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 2023-жылдын үч айында жол эрежесин бузган 234 миң 303 айдоочуну аныктады. Башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиргендей, алардын ичинен:

  • 3 312 - тиешелүү документтери жок унаа айдагандар;
  • 3285 - мас абалында унаа айдагандар;
  • 29 912 - ылдамдыкты сактабаган фактылары;
  • 72 159 - коопсуздук курун тагынбастан айдоо фактылары;
  • 905 - алдыңкы айнекти мыйзамсыз караңгылатуу;
  • 101 - мамлекеттик каттоо номуру жок транспорт каражатын айдоо;
  • 91 - автобейбаштык фактысы;
  • 88 544 - жол белгилерин сактабагандыгы үчүн;
  • 5 384 - каршы тилкеге чыгуу үчүн;
  • 30 610 - башка жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн.

17 миң 390 унаа айып короосуна токтотулуп, айдоочулардан мамлекеттик бюджетке 119 миллион 276 миң сом өндүрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11614