Кытай Чүй облусуна айланма канал курат
RU

Кытай Чүй облусуна айланма канал курат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытай быйыл айланып өтүүчү Чүй каналынын курулушун баштоону көздөп жатат. Бул тууралуу Кытай элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Ли Юэ Кыргызстандын экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов менен болгон жолугушууда билдирди.

Кытай тарап кароого берилген долбоорлорду үч этапка бөлгөндүгүн Кытай элчилигинин кеңешчиси билдирди.

Алар:

  • "Айланып өтүүчү Чүй каналын куруу";
  • "Заманбап медициналык жабдууларды жеткирүү жана орнотуу";
  • "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү (3-фаза)" долбоорлору.

Министрдин орун басары айланып өтүүчү Чүй каналынын курулушунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Чүй өрөөнүндөгү сугат суунун жетишсиздиги менен суунун коромжу болушун жылына 400 миллион кубометрге чейин кыскартып, жерди суу менен камсыз кылууну жогорулатат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кытайдан жакын арада Кыргызстан үчүн мобилдүү оорукананын эки комплекти алып келиниши күтүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11621