Бишкекте баңгизат саткан интернет дүкөндүн ээси кармалды
RU

Бишкекте баңгизат саткан интернет дүкөндүн ээси кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте баңгизатты мыйзамсыз даярдоого шектелип интернет-дүкөндүн ээси кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери тарабынан интернет сайттын ээси, 1996-жылы туулган Х.О. аттуу жаран кармалды. Анын шымынын чөнтөгүнөн кагазга оролгон төрт бурчтуу формадагы 5 даана, өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү зат жана ушул интернет-дүкөндүн эсеби бар уюлдук телефон табылып, алынган. Эксперттин корутундусуна ылайык, заттар таза салмагы 7,5 граммды түзгөн баңги заты – гашиш болуп чыккан. Кармалган адам Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ленин райондук соту тарабынан шектүүгө карата эки айга СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Бул кылмыш ишинин алкагында, тиешелүү тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн жашаган дарегинен өсүмдүк алынган. Эксперттин корутундусуна ылайык, бул баңгизаты - таза салмагы 105 граммды түзгөн марихуана.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11623