ИИМдин чалгындоо кызматкерине пара берүүгө аракет кылган милиция үйүнө чыгарылды
RU

ИИМдин чалгындоо кызматкерине пара берүүгө аракет кылган милиция үйүнө чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлигинин Тышкы чалгындоо кызматынын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалган милиция кызматкери үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 14-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын кызматкерине 10 миң өлчөмүндө пара берген деген шек менен кармалган адамды үй камагына бошотту.

Белгилей кетсек, ИИМдин кайгуул милиция кызматынын инспектору 12-апрелде кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11626