Токтогулда мугалимдер кырсыкка кабылып, бирөө каза тапкан. Дагы 5 мугалим ооруканада
RU

Токтогулда мугалимдер кырсыкка кабылып, бирөө каза тапкан. Дагы 5 мугалим ооруканада

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токтогул районунда К.Чокоев атындагы мектептин мугалимдери жол кырсыгына кабылды. Маалым болгондой, окуя 14-апрелде семинардан кайтып келе жаткандв болгон.

Кырсыктын себептери азырынча айтыла элек, бирок, алдын ала маалымат боюнча, унаанын айдоочусу мас абалында болгон.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, учурда эки мугалимдин абалы оор, үч мугалим хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Ал эми математика мугалими - Сүйүнбү Момунбаева алган жаракатынан улам каза болгон.

Жабыркагандарга тиешелүү жардам көрсөтүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11630