Таластын тургундарына президенттин атынан ооз ачар өткөрүлдү
RU

Таластын тургундарына президенттин атынан ооз ачар өткөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас шаарында президент Садыр Жапаровдун атынан ооз ачуу өткөрүлдү.

Ооз ачуу сый тамагына президенттин администрациясынын уюштуруу жана аймактар менен иштөө бөлүмүнүн инспектору Сабыркул Ашимбаев, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов жана облустун бардык райондорунан жана Талас шаарынан жалпы 220 адам катышты.

Облус башчысы Нурлан Дарданов меймандарга Талас облусундагы социалдык имараттардын, ирригациялык каналдардын, жолдордун, таза суу системасынын курулушу, президенттин жарлыктарынын аткарылышы жана ишке ашып жаткан ири долборлор тууралуу маалымат берди.

Аягында тажик тараптын куралдуу агрессиясынан улам каза болгон жоокерлердин арбагына багышталып куран окулду.

Ошондой эле президенттин атынан Жалал-Абад облусунда да ооз ачуу уюштурулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11631