"Арашан" сүт заводундагы кир суулар агынды сууга кошулуп жатканы боюнча текшерүү жүрдү
RU

"Арашан" сүт заводундагы кир суулар агынды сууга кошулуп жатканы боюнча текшерүү жүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык түйүндөрдө Талас облусунун Кара-Буура районундагы "Арашан" сүт заводунан иштетилген суулар таза сууга кошулуп жаткандыгы тууралуу видео тараган. Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн видео эски экенин маалымдады.

Талас облусунун башчысы Нурлан Дардановго жергиликтүү тургундардан "Арашан" заводундагы иштетилген суулар таза сууга кошулуп, андан ары Киров суу сактагычына куюп жатканы тууралуу видео келген. Облус башчысынын тапшырмасы менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгы текшерүү иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында видео эски экени аныкталган.

Бирок "Арашан" сүт заводунун айланасына текшерүү иштерин жүргүзүү учурунда аталган ишканадан чыккан булганыч суулар батыш тарабындагы агын сууга кошулуп жатканы аныкталган. Бул факты боюнча тийиштүү адистер акт түзүшкөн.

Кыргыз Республикасынын "Суу жөнүндө" мыйзамынын 36-беренесине ылайык, суунун анализи алынып лабораториялык текшерүүгө жиберилди. Анын жыйынтыгы менен "Арашан" сүт заводуна мыйзамдарда каралган тартипте тийиштүү чаралар көрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11639