Кыргызстанда баңги саткан чет элдик жаран 13 жылга кесилди
RU

Кыргызстанда баңги саткан чет элдик жаран 13 жылга кесилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда баңгизат сатуу менен алектенген Россиянын жаранына Биринчи Май райондук сотунун чыгарган өкүмү күчүнө кирди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Белгилегендей, 2022-жылы ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан баңгизатын сатуу менен алектенип жүргөн 32 жаштагы чет элдик жана анын 22 жаштагы шериги Кыргыз Республикасынын жараны кармалган. Алар узак убакыт бою Telegram-каналдар аркылуу психотроптук заттарды сатуу менен алектенген.

"Шектүүлөр синтетикалык баңгизатын сатуунун ири тармагын уюштурган деп айыпталган", - деп айтылат маалыматта.

17-апрелде маалымдалгандай, сот Россиянын жаранын күнөөлүү деп таап, аны 13 жылга эркинен ажыратып, жазасын түзөтүү колониясында өтөөгө өкүм кылды. Анын шериги да күнөөлүү деп табылып, сот ага 800 эсептик көрсөткүчтө айып салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11647