УКМК кармаган Базар-Коргондун акимин президент кызматтан алды
RU

УКМК кармаган Базар-Коргондун акимин президент кызматтан алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими Жанысак Сатыбалдиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.

Жанысак Сатыбалдиев президенттин 2021-жылдын 22-майындагы жарлыгынын негизинде Базар-Коргон районуна аким болуп дайындалган.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети быйыл 14-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты жана "Альфа Телеком" ишканасынын аймактык филиалынын директору Байгазы Эргешов менен Жанысак Сатыбалдиевди алдамчылыкка шек санап кармаган.

Маалыматка ылайык, алар Базар-Коргон шаарына кайрадан мэр болгусу келген жарандан 20 миң доллар алдап алып, аны Садыр Жапаровго бере турганын айтышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11667