"Сосновка" өткөрмө жайында оор жүк ташуучу унааларга кирген чектөө алынды
RU

"Сосновка" өткөрмө жайында оор жүк ташуучу унааларга кирген чектөө алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек - Ош унаа жолундагы "Төө-Ашууда" кар жаап, бороон болуп жатканына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Учурда "Сосновка" постунда 1000ге жакын автоунаа токтоп турат.

"Жолчулар карды тазалоо, кум, туз себүү иштерин тынымсыз жүргүзүүдө. Жолго кышкы дөңгөлөктөр менен чыгууну жана айдоочулар 500 метр аралыкты сакташы керектигин эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми жолго чыгып кеткендерди ашуу тилкелеринен өтүүдө чынжырчаларды алып жүрүү, жолдун каршы тилкесине чыкпоо жана жол тазалоочу атайын техниканын ишине тоскоол болбоого чакырышты.

Ошондой эле Жайыл району Бишкек - Ош унаа жолунун 125-129-чакырымында пайда болгон жол тыгыны жоюлуп, каттам калыбына келтирилди.

"Мындан улам "К.Көлбаев" атындагы тоннелдин түштүк тарабынан оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынып, 20:40тан тартып дөңгөлөк чынжырчасы бар жеңил унааларды кезеги менен өткөрүүдө. Ал эми калган унааларга чектөө алына элек", - деп айтылат маалыматта.

Жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу максатында бүгүн саат 15:40та "Сосновка" өткөрмөсүндө унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11668