Жалал-Абадда таксист ижарага алган унааны сатып жиберген
RU

Жалал-Абадда таксист ижарага алган унааны сатып жиберген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда ижарага алган унааны сатып жиберген жаран кармалды. Муну менен жабырлануучу 165 миң сом зыян тарткан дешет облустук милициядан.

Белгилүү болгондой, Сузак районунун тургуну М.А. милицияга арыз менен кайрылган. Ал 2022-жылдын 15-декабрында Х.Э. аттуу жаранга оозеки келишимдин негизинде Daewoo Matiz унаасын такси кызматы үчүн ижарага бергенин, ижарага алган жаран унааны сатып жибергендигин билдирген. Натыйжада жабырлануучуга 165 000 сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Бул факты боюнча 210-берене (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Сузак районунун тургуну 1987-жылы туулган Х.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11697