Бейтап менен дарыгер уруша кетип, экөө тең милицияга арыз жазышты
RU

Бейтап менен дарыгер уруша кетип, экөө тең милицияга арыз жазышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусунун Кара-Буура районунда дарыгер менен бейтап уруша кетип, андан соң экөө тең милицияга кайрылышкан. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кара-Буура РИИБине 18-апрель күнү 1995-жылы туулган А.Ж. райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө түшкөнү кабарланган. Жабырлануучу аны белгисиз бирөө ур-токмокко алганын айткан.

Ошол эле учурда милицияга 1985-жылы туулган Н. уулу М. кайрылып, экспертиза учурунда белгисиз бирөө тарабынан сабалганын көрсөткөн.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11699