Окуучулардын митингинен кийин №1 гимназия-интернаттын бардык мугалими иштен алынды
RU

Окуучулардын митингинен кийин №1 гимназия-интернаттын бардык мугалими иштен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

№1 гимназия-интернатындагы окуучуларды митингге тарткандан кийин анда иштеген мугалимдердин бардыгы иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнура Арстанбекова Kaktus.kg редакциясына билдирди.

"№1 гимназия-интернатындагы педагогикалык составдын мугалимдери 100 пайыз иштен алынып, кайра жаңы мугалимдер кабыл алынды. Гимназиянын директору дагы алмашты", - деди ал.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бийлик балдарды "арзан курал" катары колдонууга жол бербей турганын жергиликтүу массалык маалымат каражатынын бирине интервью берип жатып билдирди.

Ал укук коргоо органдарына балдарды чууга аралаштыргандарды жоопкерчиликке тартуу тапшырылганын да белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11718