Коргоо министрлиги: Кыргызстандагы аскер техникасынын көбү СССР мезгилинен калган
RU

Коргоо министрлиги: Кыргызстандагы аскер техникасынын көбү СССР мезгилинен калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандагы аскер техникасынын көбү Советтер Союзу учурунда өндүрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде, Жогорку Кеңештеги эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча жыйын учурунда коргоо министринин биринчи орун басары Нурлан Кирешеев билдирди.

Депутат Шайлообек Атазов, президент командалык-штабдык жана мобилизациялык окууларда болуп, коргоо ведомствосунун иши менен таанышып чыккандыгын эскертип, кыргыз аскеринин техникалык камсыздалуусу кандай деңгээлде, деп сурады.

"Кыргызстандагы аскер техникасынын көбү Советтер Союзу учурунда өндүрүлгөн", - деп Кирешеев жооп берди.

"Мындайларды микрофонго айтпаңыз", - деп комитеттин төрагасы Исхак Пирматов анын сөзүн бөлдү. Кирешеев бул тармакка жасалган каржылоону жогорулатуу керектигин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1171