Депутат таштанды төгүүчү талаанын жанындагы жаңы конушту Бишкекке өткөрүп берүүнү суранды
RU

Депутат таштанды төгүүчү талаанын жанындагы жаңы конушту Бишкекке өткөрүп берүүнү суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Сейдбек Атамбаев таштанды полигонунун жанындагы жаңы конушту борбор калаага өткөрүп берүүнү суранууда. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Айтымында, "Алтын-Казык Жаңыл-Мырза" конушунун тургундары аларды Бишкектин Биринчи Май районунун курамына киргизүүнү суранышууда.

"Тургундар министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго тиешелүү документтердин барын чогултуп, бирок каты кайра кайтарылган. Кайтаруунун себебин айтышса туура болмок. Эгерде жаңы конуш шаарга өткөрүлүп берилсе, анда тургундарга үйлөрдүн техникалык паспортторун алуу жана аларды мыйзамдаштыруу жеңилдемек", - деди ал.

Эске салсак, аталган конуштун тургундары буга чейин Чүй облусунун Аламүдүн районуна кошулууга каршы чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11738