Айзада Жамгырчиева: Мурда бензин саткан кыз десе катуу тийчү, азыр сыймыктанам
RU

Айзада Жамгырчиева: Мурда бензин саткан кыз десе катуу тийчү, азыр сыймыктанам

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү алып баруучу Айзада Жамгырчиева дарегине карата кандай сын-пикирлер айтыларын, чектен чыккан учурлар болорун айтат. Мындай учурда ал жооп берерин айтып, жакында эле социалдык тармак аркылуу жол тандабас алып берем деген кишинин билдирүүсүн мисал келтирди.

"Бул менин жеке чегимди өтүп кетти деп ойлойм. Анткени менин кимдир-бирөө менен жолукканымды айтып, "Range Rover алып берип, сени алам" деп сатып алганга аракет жасап жатат. Демек, менин баам бир унаа экен да. Бул сый-урматтын жоктугу деп ойлойм. Мен сатпайм, сатылбайм дагы. Мени, менин сүйүүмдү сатып алам дегендер жаңылышат. Буга чейин "сенин боюң кыска, түрүң суук, телеге жарабайсың, айылдыксың" деген сыяктуу сындар айтылчу. Алардын баары көз жаздымда калып кетчү. Кыздарга көздөн тышкары сөз да жабышат. Бул жолу сөз көп болуп кеткендиктен жооп берүүнү туура көрдүм. Бул көрүнүш "кыздарды баалуу үй, унаа же дагы башка нерсе менен сатып алса болот" деген түшүнүктү жаратып салды окшойт", - дейт ал.

Андан тышкары бензин, солярка сатып чоңойгонуна асылгандар бар экенин кошумчалады.

"Айылда үй-бүлөлүк бизнесибиз бар болчу. Бензин, солярка сатчубуз. Колум май, бензин жыттанып жүрчүмүн. Ошол учурда эле теледе иштөөнү кыялданчумун. Менден бензин сатып алып жүргөндөр, айылдагы айрым туугандарым азыр "бензин сатып эле жүрчүсүң, эмне болуп жатасың" дешет. Мен муну менен сыймыктанам. Ата-энем бизди ак эмгек кылууга, тырышчаактыкка үйрөтүшкөн. Кээ бирлери ойлошот, ошону айтып катуу тие алам, жабырката алам деп. Мурда катуу тийчү, эмнеге мени бензин саткан кыз дей беришет деп. Бирок азыр кабыл алганды үйрөнгөм, ошону менен сыймыктанам", - деп кошумчалады.

Теле алып баруучу адамдын өткөн чагы менен келер чагы эмес, азыркы учурдагысы маанилүү дейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11740