Сузакта окуучуларга кол көтөргөн агайга сөгүш берилди
RU

Сузакта окуучуларга кол көтөргөн агайга сөгүш берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин социалдык тармакка окуучуларга кол көтөрүп, указка менен урган мугалимдин видеосу тараган. Билим берүү жана илим министрлиги кол көтөргөн агайга сөгүш берилгенин маалымдады.

Окуя 12-апрелде Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү №11 Мариям Орозалиева атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде болгон.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн берген маалыматына ылайык, аталган орто мектептин 67 жаштагы физика мугалими Абдулашым Жолболдуев (эмгек стажы 46 жыл) 8-класстын окуучуларына сабак өтүп жаткан. Ортодогу түшүнбөстүк окуучулар тарабынан лабораториялык тапшырманы аткарбагандыгы үчүн келип чыккан. Бул окуя боюнча мектеп администрациясы чукул жыйналыш өткөргөн.

Мугалимге билим берүү мыйзамына жана мугалимдин этикасына туура келбеген иш-аракети үчүн мектеп жетекчиси тарабынан Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык "сөгүш" тартиптик жазасы берилди. Ал эми мектеп директору К.Р. Азимбаевге Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн кезексиз коллегиясынын чечими менен "эскертүү" тартиптик жазасы берилет.

Бул окуяга байланыштуу 8-класстын окуучуларынын ата-энелери тараптан эч кандай арыз түшкөн эмес дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11741