"Назик жигиттер жакпайт". Айзада Жамгырчиева кандай мырза купулуна толорун айтты
RU

"Назик жигиттер жакпайт". Айзада Жамгырчиева кандай мырза купулуна толорун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УТРКнын жүзү, бир катар долбоорлордун, иш-чаралардын алып баруучусу Айзада Жамгырчиева кандай мырзалар купулуна толорун айтты. Ал назик мырзаларды жактырбай турганын белгиледи.

"18 жашымда "жигитим андай болсо, мындай болсо" деп кыялданчумун, азыр кыялданбай калдым. Мени кыялдансын. Мен сырткы келбетине көп көңүл бурбайм, негизгиси спорт менен машыгып, өзүн карап жүргөн, мээси иштеген, айтканын аткарган мырзалар жагат. Назик мырзалар жакпайт. Мага кичинекей жоопкерчиликтер да таасир этет, мисалы жолугушууну белгилеп, кайра болбой калды деген болбойт", - дейт.

Айзада айым расмий түрдө бир эле жигит сүйлөшкөнүн, мамилелери эмнеге үзүлгөнүн ачыктады.

"Расмий түрдө бир эле жигит менен сүйлөшкөм. 2-3 жыл болуп калды окшойт сүйлөшпөй калганыбызга. Жоопкерчиликтүү, айткан сөзүнө турчу. Анда жаш болчу экенмин, карьера деп жүрө бериптирмин. Көрсө сүйүүгө, жигитке да убакыт керек экен да. "Сенин жумушуң" деп баштады. Кесибиме байланыштуу кечке чейин калган учурларым болот. Бул биздин мырзалардын талабына жооп бербей калат экен. Ошентип мамилебиз үзүлүп калган. Тапкан жигит, жаккан жигит менен сүйлөшө бербейм, ишеним болуп, көңүлүмө толсо гана сүйлөшөм", - деди теле алып баруучу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11746