Текебаев Бавариянын бийлиги менен кыргызстандыктарды ишке орноштуруу маселесин талкуулады
RU

Текебаев Бавариянын бийлиги менен кыргызстандыктарды ишке орноштуруу маселесин талкуулады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Бавариянын федералдык аймагынын Хам районунун акими Франц Леффлер жана Швандорф районунун иш менен камсыз кылуу агенттигинин жетекчиси Зигфрид Боймлер менен жолугушту. Жолугушуу Кыргызстан менен Бавария федералдык мамлекетинин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын Германияда ишке орноштуруу маселелеринин алкагында өттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын орто техникалык окуу жайларынын базасында квалификациялуу кадрларды даярдоонун жана аларды Германияда стажировкадан өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Леффлер Германияда квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин белгилеп, Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Боймлер Кыргызстандан 2023-жылдын сентябрында үч жылдык орто техникалык билим алуу жана андан ары ишке орношуу үчүн алгачкы студенттерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берди. Бул кызматташтык Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Германиянын Иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттигинин ортосундагы 2022-жылдын 21-сентябрдагы Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда ишке орноштуруу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумдун негизинде ишке ашырылат.

Бул меморандумга ылайык, быйыл Кыргызстандан 50 студент Германиянын Саксония федералдык округуна үч жылдык окууга кабыл алынат.

Маалымат үчүн: Бавариянын федералдык округу Германиядагы эң маанилүү жана экономикалык жактан өнүккөн федералдык округдун бири. Бавария өлкөнүн 16 федералдык аймактарынын арасында квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги боюнча эң жогорку көрсөткүчкө ээ, бул 45,9%.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11773