"Мугалимдерге шек келтирген". Ысык-Көлдө мектеп-интернаттын директору кызматынан бошотулду
RU

"Мугалимдерге шек келтирген". Ысык-Көлдө мектеп-интернаттын директору кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ак-Суу жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын директору кызматынан бошотулду. Буга педагогикалык этиканы сактабай, мугалимдердин аброюна шек келтирип, аларды басынтып, ыплас сөздөрдү айтып, кол көтөргөндүгү тууралуу аудиосу себеп болгон дешет Билим берүү жана илим министрлигинен.

Маалымдалгандай, апрель айында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын директору мугалимдердин аброюна шек келтирип, аларды басынтып, ыплас сөздөрдү айтып, кол көтөргөндүгү тууралуу аудио социалдык тармактарга тараган. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен аталган мектеп-интернаттын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле мектеп-интернаттын окуу-тарбиялык процесстерин белгиленген укук-ченемдик актыларга ылайык уюштуруу жана аткаруу, балдардын жатаканада жашоосун камсыздоо, окуучулардын жеткиликтүү жана сапаттуу билим алуусун башкаруу, жөнгө салуу ишмердүүлүгүн жетектөө ишмердүүлүгү текшерилген.

"Натыйжада 18-апрелде комиссиянын чечими менен Ак-Суу жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын директору Жеңишкүл Ниязова ээлеген кызматынан бошотулган", - дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11782