УКМК: Ленин райондук сотунун судьясы пара талап кылууга досторун тарткан
RU

УКМК: Ленин райондук сотунун судьясы пара талап кылууга досторун тарткан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясына УКМК тарабынан иш козголду. Коопсуздук комитеттен кабарлашкандай, судьяны кармоого жарандардан түшкөн кайрылуу себеп болгон.

Текшерүүдө судья К.Н.Т. тарабынан каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн ортомчулар аркылуу 2000 доллар опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталган. Сот талаптар аткарылбаса айыпталуучуну белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга байланыштуу жаза чыгаруу менен коркуткан.

Бул факты боюнча 343-берененин 2-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иш-чараларынын негизинде судья тарабынан Ленин райондук сотунун аппарат кызматкерлерин, ошондой эле жакын досторун тартуу менен соттолуучулардан акча каражатын алуу максатында уюштурулган туруктуу коррупциялык схема такталды.

Сот аппаратынын кызматкерлери айыпталуучулардан опузалап алынган сумманы жашыруунун зарыл чараларын сактоо менен алышып, андан кийин алар талап кылынган сумманы судьянын досуна өткөрүп беришкен. Ал эми судья өзүнүн жеке коопсуздугун камсыздагандан кийин гана акчаны алган. Кылмышка тиешеси бар ар бир адамга жалпы суммадан белгилүү бир үлүш берилип турган.

20-апрелде накталай пара алуу учурунда бул схеманын бардык катышуучулары кармалып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКга жеткирилген. 21-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун адиси Ш.Ч.Т. жана ортомчу, судьянын досу Т.М.Т. кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык, судьяны жаза жоопкерчилигине тартууга Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет. Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу процедурасы башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11789