"Ленин районунун акими иштейби?" Шаар тургуну Рабочий городоктогу көйгөйлөрдү айтты
RU

"Ленин районунун акими иштейби?" Шаар тургуну Рабочий городоктогу көйгөйлөрдү айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Рабочий городоктогу көйгөйлөргө депутаттар да, Ленин районунун акими да көңүл бурбай жатат. Бул тууралуу жерлигиктүү жашоочу Адилет Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, көчөлөрдү бойлой чайканалар толуп кеткен. Алар тротуарларга тиешелүү жерлерди дагы ээлеп, унаа токтотуучу жай кылып алышкан.

"Бул Некрасов - Алтымышов көчөлөрүнүн кесилиши. Эки көчөнү тең бойлой чайкана, тигүүчү цехтер толуп кеткен. Өрт коопсуздугун барып сурасаңыздар, сакталган эмес. Ал аз келгенсип, тротуарга бөлүнгөн жерлерди жеке унаа токточуучу жай кылып алышкан", - деди ал.

Тротуар жок - балдар трасса менен мектепке барышат

Касымбековдун айтымында, тротуарга тиешелүү жерлерге чайкана, тигүүчү цехтер курулуп, окуучулар эле эмес, чоң кишилер дагы трасса менен басканга туура келет.

"Бул жактан балдарыбыз эки мектепке барышат. Азыр жол эрежесин дагы сактабагандар толтура. Балдар аман-эсенби деп кооптоносуң. Ал гана эмес коляска менен өткөнгө жол жок. Биз мунун барын айтпасак бул жактан шайланган депутаттардан дагы, акимден дагы дайын жок", - деп билдирди Адилет.

Аким иштейби же жокпу?

Бул көйгөйлөр менен аким деле тааныш эмес дейт жергиликтүү жашоочу.

Ал былтыр салынып, аягына чыкпай калып калган сейил бак тууралуу да айтып берди.

"Бул биздин сейил бак. Жакшы эле башташып, аягына чыкпай, жарым-жартылай калтырып коюшкан. Жерлер казылган, кум чачылган, бурсчаткалар үйүлгөн боюнча калган. Жарыктар үчүн түркүктөр коюлганы менен лаппочкалары жок, кечинде караңгы. Брусчаткаларды уурдап деле кетишти. Калбай деле калды. Булар ишти баштап эле, акчаларын жеп алып, таштап салгандай. Аким иштейби же жокпу? Менимче ал бул көйгөйлөрдүн бирин да билбейт. Биздин үнүбүз жетсе болот эле", - деп билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11797