Кыргызстандык ырчы Валерий Меладзе менен дуэт ырдады
RU

Кыргызстандык ырчы Валерий Меладзе менен дуэт ырдады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык ырчы жана алып баруучу Оскар Батыров эл аралык "Яңы моң" музыкалык долбооруна катышты. Ал долбоордун алкагында Валерий Младзе менен дуэт ырдады.

Экөөлөп "Красиво" деген хит ырды аткарып, Батыров видеону өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.

Посттун алдына кыргызстандык ырчылар колдоого алып, комментарий калтырып, Оскар Батыровго ийгилик каалашкан.

"Яңы моң" - бул Башкирияда, ырчы Элвин Грейдин демилгеси менен старт алган музыкалык долбоор. Долбоорго 58 катышуучу кирген, алар жума сайын бир катышуучу шоудан кетет. "Яңы моңдун" жеңүүчүсү 1 млн рубль байге алат. Кыргызстандык Оскар Батыров шоудогу эң мыкты катышуучулардын бири деп аталды. Ал Кыргызстанда радио жана телевидениеде алып баруучу болуп иштейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1179