Сингапурдук инвесторлор Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдиришти
RU

Сингапурдук инвесторлор Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдиришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанга Сингапурдан инвесторлор келип, Акылбек Жапаров менен жолукту. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Сингапурдан UOB Kay Hian компаниясынын каржы боюнча аткаруучу директору Хок Чай Дин башында турган инвесторлор келишкен.

Жолугушууда тараптар брокердик, инвестициялык-банктык кызмат көрсөтүүлөр, жеке капиталды башкаруу, инвестициялык жана каржылык кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Акылбек Жапаров фондулук рынокко кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеңеш берүүчү компаниялар менен сүйлөшүү жүргүзүү пландалганын жана буга тиешелүү компаниялардын катышып жатышы кубандырарын белгиледи.

"Мага келген маалымат боюнча дүйнөнүн 80ден ашуун мамлекетинде сиздердин өкүлчүлүгүңүздөр бар экен. Ушундай эле өкүлчүлүктү бизде дагы ачасыздар деп ойлойм. Фондулук рынокко кирүүнү каалаган бир гана "Кумтөр Голд" компаниясы эмес, мындан башка мамлекеттик компаниялар, анын ичинде эки банк жана бир уюлдук компания бар", - деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Хок Чай Дин Кыргыз Республикасы UOB Kay Hian компаниясынын кардары болуп каларына ишеним артаарын жана кызматташууга даяр экенин билдирди.

"Албетте мындай ишти баштоо оор процесс жана талыкпаган эмгекти талап кылат. Ошентсе дагы биздин компания Түштүк-Чыгыш Азиядагы, Кытайдагы, Улуу Британиядагы жана Түндүк Америкадагы компаниялар менен иш алып барып такшалып калгандыктан, Кыргызстан менен дагы жумушту алып кетебиз деп ойлойм", - деди Хок Чай Дин.

Маалымат үчүн: UOB Kay Hian компаниясы 1900-жылдардын башында түзүлгөн жана биржа брокерлеринин Сингапур ассоциациясын негиздөөчүлөрүнүн бири, Сингапур фондулук биржасынын мүчөсү жана Азиядагы эң ири брокердик компания.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11803