Рактан айыктырам деп акча алган жаран кармалды. Милиция жабыркагандарга кайрылат
RU

Рактан айыктырам деп акча алган жаран кармалды. Милиция жабыркагандарга кайрылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн районунда онкологиялык ооруларды айыктырууну убадалап, акча алган деген шек менен чет элдик жаран кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Такталгандай, 24-апрелде Аламүдүн РИИБине 1989-жылы туулган Б.С. аттуу жаран кайрылып, Сиддик деп тааныштырган адамга чара көрүүнү өтүнгөн. Арыздануучунун айтымында, жогорудагы киши ушул жылдын февраль айында рак менен ооруган баласын медициналык жол менен айыктырып берем деп ишеничине кирип, 5500 доллар алган. Эмчи андан кийин дары-дармекке деп акча талап кылууну уланткан.

Аталган факты боюнча 209-берене (алдамчылык) жана 152-берене (мыйзамсыз дарылоо менен алектенүү) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары Пакистандын 1982-жылы туулган С.У.Р. аттуу жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Облустук милициядан чет элдик жарандын мыйзамсыз иш-аракеттеринен жабыркагандар болушу мүмкүндүгүн белгилеп, кабар берүүнү өтүнөт. Байланыш номерлери: 0312 36-35-27, 0312 36-35-23.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11807