Ленин округу боюнча шайлоо. Эки талапкер арыздарын чакыртып алышты
RU

Ленин округу боюнча шайлоо. Эки талапкер арыздарын чакыртып алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эки талапкер №26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө өз арыздарын чакыртып алышты. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Буга чейин берген арыздарын чакыртып алгандар:

  • Иманкулов Бекзат Муратович (5-апрелде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берген);
  • Шапанов Нурлан Нуркамилович (20-апрелде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берген).

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде (кошуп алганда) аяктайт. Ал эми Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11808