Жаштык жеңеби же тажрыйбабы? Эртең Акжол Махмудов Роман Власов менен беттешет
RU

Жаштык жеңеби же тажрыйбабы? Эртең Акжол Махмудов Роман Власов менен беттешет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эртең, 26-апрелде Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттеши Алматыда Poddubny Wrestling (Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын) алкагында өтөт.

Турнирге дүйнөнүн алдыңкы 10 күрөш өлкөсүнөн – Азербайжан, Армения, Индия, Иран, Казакстан, Куба, Кыргызстан, Молдова, Жапония жана Россиядан балбандар катышаары күтүлүп жатат. Бул тууралуу Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын расмий баракчасында жазылган.

Күрөш дүйнөсү күтүп жаткан Акжол (Акула) Махмудов менен Роман Власовдун күрөшү турнирдин негизи беттеши болот.

Акжол Махмудовдон тышкары, аталган турнирге Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбек уулу жана Тайырбек Жумашбек уулу да катышаары белгиленди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11812