Суктана карап... Айгүл Жапарова килем фестивалындагы эмгектер менен таанышты (видео)
Өрүкзарлуу Баткенде "Кыргыз ажары-Баткен килеминде" кароо-сынак фестивалы өтүп жатат. Фестивалга биринчи айым Айгүл Жапарова катышып, кол өнөрчүлөрдүн кол эмгектери менен таанышып чыкты.
Улуттук маданий борбордон билдиришкендей, кароо-сынакка 7 дубандан 50дөн ашуун кол өнөрчүлөр катышууда.
Фестивалга өлкөнүн бардык аймактарындагы кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер жана келген чеберлер катышат.
Республикалык кароо-сынакка катышкан ар бир катышуучунун "Түктүү килем", "Арабий килем", "Таар килем", "Мурас килем" аталыштагы эмгектери тандалып, кароо-сынакта аныкталат. Жеңүүчүлөр калыстар тарабынан тандалып алынган соң, диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болот.