Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору алмашты
RU

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору алмашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору алмашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Александр Настаев кызматынан бошотулуп, анын ордуна Данияр Бостонов дайындалды.

"Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Настаев Александр Иванович ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Данияр Куватбекович Бостонов Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.

Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Данияр Бостонов 36 жашта. Буга чейин "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын Бишкек аба кыймылын тейлөө борборунун биринчи класстагы улук диспетчери болуп иштеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11817