Непалда учуу алдында өрттөнгөн Fly Dubai учагы кесептсиз жерге конду
RU

Непалда учуу алдында өрттөнгөн Fly Dubai учагы кесептсиз жерге конду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Катмандудан абага көтөрүлгөндө мотору күйүп кеткен Fly Dubai учагы Дубай аэропортуна конду. Бул тууралуу авиакомпаниянын басма сөз кызматына таянуу менен ТАСС билдирди.

"Катманду аэропортунан FZ 576 рейси менен Дубайга багыт алган учак Дубай эл аралык аэропортуна конду", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Fly Dubai компаниясынын өкүлү учак Катмандуда куш менен кагылышканын билдирген. Анын айтымында, ал "стандарттык процедураны аткаргандан кийин" учууну уланткан.

Бул күнү Непалдын баш калаасынын аэропортунан учуп бараткан учак күйүп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн, учак конууга аракет кылып жаткан. Кийинчерээк Непалдын жарандык авиация башкармалыгы өзгөчө кырдаал болбогонун, учак график боюнча Дубайга учуп жатканын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11820