Россельхознадзор Кыргызстандан ташылган жүгөрү үрөндөрүндө ГМО бар экенин аныктады
RU

Россельхознадзор Кыргызстандан ташылган жүгөрү үрөндөрүндө ГМО бар экенин аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россельхознадзор Кыргызстандан Россияга ташылган продукцияны көзөмөлдөө учурунда 14,2 тонна (356 кап) жүгөрү үрөнүнүн курамынан генетикалык жактан өзгөртүлгөн организм (ГМО) тапты. Бул тууралуу Россельхознадзор билдирген.

Мындан тышкары үрөндүк материалдын сорттук жана себүү сапаттарын тастыктаган документтер болгон эмес. Баштыктардагы маркировкада (этикеткада) толук эмес маалымат камтылган.

"Бул факты боюнча Россельхознадзор Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине билдирди. Ушул жуманын аягына чейин (ГӨО) үрөндөрдү алып келүү фактысы боюнча кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп, мындай учурларды болтурбоо чаралары көрүлөт.

Кыргызстан Картахена протоколуна кол койду, ага ылайык, өсүмдүк азыктарын жана ГӨО үрөндөрүн ташууга, көбөйтүүгө уруксат берилет. Ал эми Россия документке кол койгон эмес. Ошондуктан Россия Федерациясына ГӨО үрөндөрүн импорттоого, изилдөө максаттарынан тышкары тыюу салынган", - деп жазылган билдирүүдө.

Эске салсак, Россия Кыргызстандан сүт, балык жана колбаса азыктарын импорттоого чектөө киргизген. Ар бир продукция боюнча орус тараптын дооматы бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11823