Жогорку Кеңештин төрагасы Россияга расмий иш сапары менен барды
RU

Жогорку Кеңештин төрагасы Россияга расмий иш сапары менен барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин делегациясы расмий иш сапары менен Россияда жүрөт.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, төрага Нурланбек Шакиевдин иш сапары Александр бакчасында Кремль дубалынын жанында жайгашкан Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюу менен башталды. Депутаттар Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесин эскеришти.

Төрага иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация кеңешинин төрагасы Валентина Матвиенко менен жолугушат.

Жолугушууда эки өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын арттыруу жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

Делегациянын курамына депутаттар Гуля Кожокулова, Эльдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Жусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза кирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11824