Жо Байден президенттик экинчи мөөнөткө ат салышат. Трамп кайра атаандашы болушу мүмкүн
RU

Жо Байден президенттик экинчи мөөнөткө ат салышат. Трамп кайра атаандашы болушу мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын президенти Жо Байден 2024-жылы өтө турган шайлоодо кайрадан талапкерлигин коюу ниетин расмий түрдө билдирди.

"Ар бир муундун демократия үчүн турушуна туура келген учурлар болот. Өзүңүздүн негизги эркиндиктериңизди коргоңуз. Бул биздин учур деп ишенем. Ошондуктан мен Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине кайра шайлоо үчүн ат салышып жатам. Бизге кошулуңуз", - деп жазган ал "Твиттерде".

Байден өзүнүн видео кайрылуусун 25-апрелде жарыялады, ошол эле күнү ал өзүнүн биринчи талапкерлигин төрт жыл мурун жарыялаган.

Байден азыр 80 жашта жана АКШнын тарыхындагы жашы улуу мамлекет башчысы.

Шайлоодо дагы жеңишке жетсе, 86 жашында экинчи мөөнөтүн аякташы мүмкүн.

Эске салсак, Республикалык партиянын мурдагы президенти Дональд Трамп шайлоого катышуу ниетин буга чейин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11832