Бүгүндөн баштап жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыгат. Сүрөт
RU

Бүгүндөн баштап жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыгат. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-майынан тартып улуттук валютанын жаңы банкноттору жүгүртүүгө чыгат. Улуттук банк апрель айынын аягында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык мыйзамына ылайык, 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордун бешинчи сериясын көрсөткөн.

Банкноттордун жаңы сериясы улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган жана улуттук валютанын 1993-жылы жүгүртүүгө киргизилгенден баштап азыркы учурга чейинки эволюциясын чагылдырат.

Улуттук валютанын банкнотторунун жаңы серияларында Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасын чагылдыруу өзгөрүүсүз калды. Банкноттордун алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери жана арткы бетинде республиканын кооз жерлери сакталган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү да өзгөрүүсүз калган.

Кыргызстандын жаңы банкноттору жасалма акча жасоодон ишенимдүү коргоону камсыз кылган заманбап коргоо элементтеринин үч деңгээлдүү комплексин камтыйт.

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

2023-жылдагы үлгүдөгү 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордун негизги коргоо элементтери:

  • Суу белгиси: ачык түстөн күңүрт түскө өткөн портрет жана номинал түрүндөгү электротип.
  • Коргоо тилкеси: үзүк тилке, жарыкка салып кароодо бүтүн тилке сыяктуу (үзгүлтүксүз) чагылып көрүнөт. Анда сандын номиналы жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби камтылган. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо ромб фигурасынын чагылышы жана тилкенин кубулуп жатканы көрүнөт.
  • Бири-бирине дал келген сүрөт: банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт.
  • Банкнотту кол менен кармап көрүүдө анын бетине түшүрүлгөн портреттин, жазуулардын, сан жана тамга түшүрүлгөн номиналдын сүрөттөрүндө рельефти (одуракайлык) сезүүгө болот.
  • Көмүскө сүрөт: банкнотту жантайыңкы алып кароодо сомдун белгиси –
  • С пайда болот.
  • Түстөрдүн өзгөрүшү – банкнотту жантайыңкы алып кароодо эки шакектин кыймылга келишин, оюу-чийменин (орнаменттин) алтын түстөн жашыл түскө өзгөрүшүн байкоого болот.
  • Жалтырак түс (арткы бетинде) – банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө берилген.

Жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 193 миллиард сомго жакын. Өткөөл фаза болжол менен алты айга созулат. Өлкөнүн банктары жаңы банкноттор үчүн жабдууларын кайра курууга мүмкүнчүлүк алышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11890