Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун болжолдуу баасы белгилүү болду
RU

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун болжолдуу баасы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук эки чоң долбоорду ишке ашыруу башталды. Бул тууралуу 28-апрелде Жогорку Кеңештин "Ата Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, президент май айында Кытайга барат.

"Эгерде мамлекет башчылары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун каржылоо моделин бекитишсе, анда иш башталат. Техникалык-экономикалык негиздемелери бүттү, ылайыкташтырылып жатат. Учурда каржылоонун жалпы көлөмү такталууда, ал 3-5 миллиард доллар деңгээлинде болот. Биздин аймактан эле 57 чакырымдык туннель өтөт",-деди Жапаров.

Ал Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика министри Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Чаткалдагы эки ГЭСтин курулушун каржылоого алардын өлкөсүн кошууну суранганын кошумчалады.

"Чаткал ГЭСинин долбоорлору Ташкенттеги "Гидропроект" компаниясынын катышуусунда иштелип жатат. Бул ГЭСтерди курууда жалпы орнотулган кубаттуулук 3 миллиард 600 миллион кВт электр энергиясын түздү. Биздин бардык совет доорунан калган ГЭСтердин жана ЖЭБдердики ушундай болмок. Андан сырткары 30 чакан ГЭС курулуп жатат, алардын санын 50гө жеткирүүнү пландап жатабыз. Быйыл 11 кичи ГЭС ишке кирет. Электр энергиянын таңсыктыгы 2,8 млрд кВт.саат. Бул тартыштыкты жапкан күндө дагы 3 млрд кВт/саат электр энергиясы керек", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11897