Качан эле кыргыз кызына кыз үйлөнткөн? Атазов Байсаловду сындады
RU

Качан эле кыргыз кызына кыз үйлөнткөн? Атазов Байсаловду сындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети жаңы "Үй-бүлө" кодексин иштеп чыгууда. Анда үй-бүлө эркек менен аялдын союзу деп айтылат. Бул тууралуу 28-апрелде Жогорку Кеңештин "Ата Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат Шайлообек Атазов белгилегендей, Министрлер кабинети Айбек Жунушалиев менен Бакыт Төрөбаевди дайындоодо туура иш кылган.

"Айбек Жунушалиев деген үстүңкү катмарларды жакшы койдуңар да. Андан ылдый түшкөндө эле бардык баткак башталып жатат. Бүт тазалап, элдин жүгүн көтөрө тургандарды койсоңуздар жакшы болмок. Мына Глобалдык фонддон 29 миллион доллар келсе, вице-премьериңиз кыз менен кызды үйлөндүрүш керек деп макулдук берип атат. Акылбек Үсөнбекович, Эдил Байсалов деген мырза Кыргызстанда кыргыз салтына, наркына, ыйманына каршы идеологияны эмнеге жүргүзүп жатышат булар? Качан кыргыз кызына кыз үйлөнтчү эле? Эмнеге муну токтотпойт министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары? " - деп Атазов ачууланды.

Жапаров май айында Министрлер кабинети жаңы "Үй-бүлө" кодексин киргизүүнү пландаштырып жатканын айтты.

"Жакынкы арада биз үй-бүлөлүк кодексти алып келебиз. Ошону менен барын иреттейли деп жатабыз. Буга чейин адам баласынын укугу деп барын кабыл ала берген экенбиз. Мындан ары каалагандын барын кылганга болбойт деп жатабыз. Ошол кодексти алып келип, иреттеп, идеологиябызга туура келбегендерди чыгарабыз, - деп кошумчалады министрлер кабинетинин башчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11900