Депутаттар Эдил Байсаловду кызматтан алууну сунушташты
RU

Депутаттар Эдил Байсаловду кызматтан алууну сунушташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Надира Нарматова министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алууну сунуштады.

Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында ал Саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңешти жетектеп жатканын, оорулар, анын ичинде ВИЧ/СПИД жана кургак учук менен күрөшүүгө бөлүнгөн каражаттардын каржыланышын көзөмөлдөөсү керектигин белгиледи. Ал Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго "Координациялык кеңештин жетекчиси экениңизди мойнуңузга алдыңызбы?" деп сурады.

Буга Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Ооба" деп жооп кайтарып, бирок "Глобалдык фонд каржылаган гранттарды координациялоо боюнча комитетке" тиешем жок деп билдирди.

Ага ачууланган депутат Надира Нарматова өз милдетиңизди билбей, жасагыңыз келбей жатса, ордуңузду бошотуңуз деди.

"Эдил Жолдубаевич, суроолорго туура жооп бергендин ордуна кайра бизге тап берип жатасыз. Сиз жооп бере албасаңыз, жооп берчү кишини жөнөтпөйсүздөрбү? Сизге тиешелүү эмес болсо өкмөттүн атынан эмнеге келдиңиз бул жакка? Анда кызматты тапшырып, бериңиз да. Келип алып парламент менен тиреше бергендин эмне кереги бар? Сиз өз милдетиңизди жасагыңыз келбей жатат", – деген Нарматова ачууланып.

Мындан улам Нарматова Эдил Байсаловду кызматтан алууну сунуштады.

Анын пикирине Шайлообек Атазов кошулду. "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков бул пункт эки фракциянын чечиминде чагылдырыла турганын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11905