Бишкек шаарындагы окутуу кайрадан толугу менен онлайн форматка өтөт
RU

Бишкек шаарындагы окутуу кайрадан толугу менен онлайн форматка өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мэриянын басма-сөз кызматы берген маалыматка ылайык, "борбор калаада эпидемиялык кырдаал чыңалып турат. Акыркы бир жумада COVID-19 жана пневмония жугузган жарандардын саны өсө баштады".

"Балдардын, ата-энелердин жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн 12-апрелден тартып мектептердеги жана бала бакчалардагы окуу процессин дистанттык формага өткөрүү чечими кабыл алынды", - деп мэриянын билдирүүсүүндө жазылган.

Борбор шаар боюнча санитардык көзөмөл күчөтүлдү, мобилдүү бригада инспекцияларынын саны көбөйтүлдү.

Урматтуу жарандар! Массалык иш чараларга катышпагыла. Гигиенаны, дистанцияны сактап, маска тагынгыла. Вируска каршы күрөштө шаарыбызга жардам берели!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1190