Путин мамлекетке чыккынчылык кылгандарды өмүр бою эркинен ажыратуу мыйзамына кол койду
RU

Путин мамлекетке чыккынчылык кылгандарды өмүр бою эркинен ажыратуу мыйзамына кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын президенти Владимир Путин мамлекетке чыккынчылык кылгандар үчүн жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга чейин катаалдаштыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

Маалым болгондой, Кылмыш кодексинин "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" боюнча 275-беренесине өзгөртүүлөр кирди.

Мыйзамга ылайык кимдер өмүр бою эркинен ажыратылат:

  • тыңчылык кылгандар;
  • чет өлкөлүктөргө мамлекеттик сыр катылган маалыматтарды бергендер;
  • душман тарапка өтүп кеткендер;
  • Россияга каршы каржылык, материалдык-техникалык, кеңеш жана башка жардам көрсөткөндөр өмүр бою эркинен ажыратылат.

Эске салсак, буга чейин мындай кылмыштар үчүн айыпкер 20 жылга чейин камакка алынып, 500 миң рубль өлчөмүндө айып тагылган.

Ошондой эле Путин диверсия жана террорчулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин катаалдантуу жарлыгына кол койду.

Ал документке ылайык, эми диверсия уюштургандар 15 жылдын ордуна 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми эл аралык террорчулукту уюштургандар 12 жылга чейин камакка алынат, мурда 10 жыл болчу.

Террордук уюмдарга киргендер эми беш жылдан он жылга чейин эмес, 10 жылдан 15 жылга чейин камалат. Ошондой эле террордук иш-аракеттерге жардам бергендердин жаза мөөнөтү беш жылдан жети жылга чейин белгиленди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11911