Ысык-Көлдө Асман шаарынын курулушу башталып, жакынкы арада капсула салынат
RU

Ысык-Көлдө Асман шаарынын курулушу башталып, жакынкы арада капсула салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, курулушу баштала турган Асман шаарынын долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жакында капсула салынып, Асман экологиялык шаарында алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулат.

Садыр Жапаров ошондой эле Балыкчы - Кочкор темир жол тилкесинин курулуш иштери тууралуу маалымат алып, темпти басаңдатпоо үчүн бардык чараларды көрүүнү тапшырды.

Мамлекет башчы "Тамчы" эркин экономикалык аймагы түзүлө турган жерге да барды.

Анда алдыда өндүрүштүк жайлар, туристтик комплекстер жана башка объектилер жайгаштырылып, чет элдик коноктордун ири агымын кабыл алууга мүмкүндүк берет.

"Президент ошондой эле саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплекси курулуп жаткан "Ысык-Көл" (Тамчы) эл аралык аэропортун да карап чыкты. Аэровокзал 2003-жылы курулуп, учурда жүргүнчүлөрдүн агымын тейлей албай калган. Аэропорттун модернизациясы аяктаса өлкөдөгү ички авиакаттамдар көбөйүп, ошондой эле туристтердин агымын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жаралат", - деп айтылат маалыматта.

Президент спорттук туризм комплексинин курулушу менен да таанышты. Негизги басым спорттук жана ден соолукту чыңдоо туризмин өнүктүрүүгө жасалат. Бул комплекс Ысык-Көлдүн жээгинде кызыктуу жана сапаттуу эс алууга шарт түзөт.

Эске салсак, 2021-жылы президенттик администрация Ысык-Көлдө 500 миң калкы бар инновациялык Асман шаарын куруу пландалып жатканын билдирген.

Бийлик Асман шаары Кыргызстандын экономикалык жана туристтик борборуна айланарын айтып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11922