Ошто медколледждин эки мугалими пара менен кармалды
RU

Ошто медколледждин эки мугалими пара менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош медициналык колледжинин айрым мугалимдери пара менен кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, тергөө кызматына студенттер кайрылышкан.

Колледжде окуган студенттер мугалимдер акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдиришкен. Аталган факты боюнча 251-берене (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) менен кылмыш ишин козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө коррупциялык схема аныкталган. Алсак, мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттарын окуу жайдын айрым кызматкерлери өз кызыкчылыктарына жумшоо максатында бөлүшүп алмакчы болушкан.

24-апрелде ИИМдин Кылмыш иликтөө жана Тергөө кызматы тарабынан окуу жайдын имаратынын жанынан мугалимдердин бири пара алуу учурунда кармалган. Жанынан мурда белгиленген 6000 сом акча каражаты табылган.

Экинчи мугалим көчөдөн кармалып, сумкасынан 13 500 сом алынды. Мындан тышкары ортомчу болуп жүргөн студенттен 5000 сом табылды.

Белгиленгендей, алардын айрымдары мыйзамсыз акчалай сыйлыкты өз ара бөлүштүрүп алышкандан кийин кармалышкан.

Ошол эле күнү колледждин директорунун орун басары кармалып, тинтүү учурунда сумкасынан 2000 сом алынды.

Учурда аталган фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11924