Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өтүп жатат
RU

Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өтүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстанда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн референдум өтүп жатат. Аталган өлкөнүн массалык маалымат каражаттары жазгандай, добуш берүү үчүн 10 758 шайлоо тилкеси ачылган.

Өзбекстандын Баш мыйзамына өзгөртүүлөр негизинен 27 беренени түздү.

Буга чейин ал 128 болсо эми референдум кабыл алынган 155 болушу мүмкүн.

Анда эң башкысы - президенттин ыйгарым укуктарын беш жылдан жети жылга чейин узартуу деген өзгөртүү бар.

Эгер, жаңы Конституция колдоого ээ болсо учурдагы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө кайра шайланууга укук алат.

Маалыматка ылайык, референдумга добуш берүүгө укуктуу деп 20 миллион жаран каттоого алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11932