Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасынан ID карта менен өтүүнүн нормасын бекитти
RU

Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасынан ID карта менен өтүүнүн нормасын бекитти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 27-апрелде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынан ID карта аркылуу өтүү боюнча эл аралык келишимди бекитти. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук маалымат базасынын сайтында маалымдалды.

Документке ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары расмий түрдө чек арадан жалпы жарандык паспорту жок өтө алат. Болгону адамдын өздүгүн тактоо үчүн ID паспорттун электрондук түрү керектелет. Бул эреже аба каттамдарына да тиешелүү.

Шавкат Мирзиёев кол койгон жарлык боюнча, жөнөкөйлөштүрүлгөн режим азыр күчүнө кирди деп айтууга болбойт. Себеби, аны бекитүү жана чек араны жаңы эрежелер боюнча иштөөгө даярдоо керек. Кошумчалай кетсек, жаңы эрежелерди киргизүү дагы Жогорку Кеңеште талкууланышы зарыл.

Коңшу эки өлкөнүн калкынын жөнөкөйлөштүрүлгөн эреже боюнча чек араларды кесип өтүү боюнча келишим Өзбекстандын президентинин быйыл Бишкекке жасаган иш сапарынын алкагында жетишилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11939