Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Эмгек майрамы менен куттуктады
RU

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Эмгек майрамы менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-майда республикада Эмгек майрамы белгиленип жатат. Садыр Жапаров кыргызстандыктарды салтка айланган элдик майрам менен куттуктады.

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди бүгүнкү Эмгек майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Элибиз эзелтен эле адал эмгек адам жашоосунун мазмуну экенин, тер төккөн мээнет менен гана ийгиликтер жараларын жана талыкпас эмгек гана руханий байлыкка жеткирерин белгилеп келген.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү жана элибиздин бакубат жашоосу үчүн күч-аракетин, билимин, тажрыйбасын аябай, түз ниети менен иштеп келе жаткан чыныгы кесипкөйлөр менен эмгек жамааттары сый-урматка татыктуу.

Анткени өсүп келе жаткан жаш муундарыбыз алардан өрнөк алып, мекенчилдик сезимге тунуп, эмгекти сүйүүсү, билимге умтулуусу аркылуу эгемендүү мамлекетибиздин келечегин түзүүчүлөргө айланат.

Мезгил алдыбызга кандай гана милдеттерди койбосун, кандай гана кыйынчылыктарга туш болбойлу, арыбаган-талыбаган эмгек менен Кыргызстандын келечегин түптөп жаткан ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем.

Ар бир күнү жылга тете жаз маалындагы бүгүнкү майрам күнү баарыңыздарга чың ден соолук, кажыбас кайрат, бекем эрк жана кылган мээнеттин акыбети кайткан ийгиликтерди каалайм!"", - деп айтылат куттуктоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11946