Россияда кыргызстандыктар автокырсыкка кабылып, бир аял каза тапты
RU

Россияда кыргызстандыктар автокырсыкка кабылып, бир аял каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Саратов облусунун Дергачевский районунда кыргызстандыктар бара жаткан унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркап, кийинчерээк бирөө ооруканада каза болду. Бул тууралуу Россиянын саламаттыкты сактоо министри Олег Костин өзүнүн Telegram-каналына жазган.

Анын маалыматына караганда, 57 жаштагы аял (кыргыз жараны) каза болду. Дагы 58 жаштагы аялдын абалы оор болуп, 19 жаштагы жигиттин абалы орто оор деп бааланып жатканын белгилейт. Ал эми 42 жаштагы жабырлануучу ооруканага жатуудан баш тарткан.

Кырсык 29-апрелде Саратовго жакын жерде катталган. Анда Toyota Alphard унаасы оодарылып кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11950