Кадамжайда айыл өкмөт башчы Сталиндин баннерин көчөгө уруксатсыз илген
RU

Кадамжайда айыл өкмөт башчы Сталиндин баннерин көчөгө уруксатсыз илген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында негизги көчөгө Иосиф Сталиндин баннери илинген. Сүрөткө караганда, баннер алдыдагы 9-май Жеңиш күнүн майрамдоого карата илинген.

Бул социалдык тармактарда сындарды жаратты. Көптөр Сталин өткөн кылымдын 30-40-жылдарында жергиликтүү тургундарга каршы репрессияларды жасаганын белгилешти.

Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакиров баннерди жергиликтүү айыл өкмөт башчысы уруксатсыз илип койгонун, аны алып салууну тапшырганын билдирди.

1-майда кечке маал баннер алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11959