Бишкекте кызды ала качкан учур камерага тартылып калган. Видео
RU

Бишкекте кызды ала качкан учур камерага тартылып калган. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Инцидент 5-апрель күнү, эртең менен саат 7:30да, Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Айзада жумушка бараткан болчу, көчөнү өтүп жаткан учурда ага кара куртка кийген, белгисиз эркек келип, машинеге отургузууга аракет кылат. Дагы эки киши келип күч колдонуп, Айзаданы кызыл түстөгү Honda Civic унаасына салып кетишет.

Жакындары Айзада менен ошол күндөн бери байланыша элек. Бул окуя милицияга катталды.

Айзаданы салып кеткен машиненин данныйлары: Honda Civic (күңүрт кызыл түс), мамномер 933 AHR, регион 08 (Чүй облусу).

Айзаданын учурда кайсы жерде экендиги тууралуу кандайдыр бир маалымат билсеңер 0500 99 88 42 (Дамира эжеси) номерине чалып коюуңарды суранабыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1195