Жалпы республикалык тестирлөөнүн датасы белгиленди
RU

Жалпы республикалык тестирлөөнүн датасы белгиленди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.

Жалпы республикалык тестирлөө төмөндөгүдөй график менен өткөрүлөт:

  • I этап: 2023-жылдын 20-21-майында (19-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
  • II этап: 2023-жылдын 23-24-майында (22-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
  • III этап: 2023-жылдын 23-24-июнунда - жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн (22-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).

Каттого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 19, 22-май жана 22-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11967