Өлкөдө казино ачууга алгачкы лицензия берилди
RU

Өлкөдө казино ачууга алгачкы лицензия берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы казино ачууга биринчи лицензияны берди.

Ведомстводон билдиришкендей, "GRAND CASINO" казиносун иштетүү үчүн лицензиялык жана уруксат берүүчү документтер "GRAND CASINO" ЖЧКсы тарабынан берилген.

"GRAND CASINO" компаниясынан лицензия үчүн мамлекеттик бюджетке 84 миллион сом каражат түшкөн.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, 2022-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарынын Октябрь районунда жеке менчик түрүндөгү ЖЧК катталган. Негизги ишмердүүлүгү – турак жай кызматтарын көрсөтүү.

Ишкананын жетекчиси жана негиздөөчүсү Абдыманапов Адилет Абдыманапович.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11972